Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Бишкекте цехтер жайгашкан имаратта өрт чыгып, сегиз адам жабыркады


Өрт чыккан жер.
Өрт чыккан жер.

Бишкек шаарынынын Свердлов районунда кийим тигүүчү цех, эмерек жасаган цех жана желим иштеткен завод жайгашкан имаратта өрт чыкты. Кырсыкта сегиз киши жараат алып, экөө ооруканага түштү.

Жабыркагандарга жардам берген медицина кызматкеринин айтымында, өрттү өчүрүүгө көмөктөшкөн жигит экинчи кабаттан кулап, омурткасы сынган. Дагы бирөөнүн колун, башын айнек тилип кеткен. Айрымдар иске ууланып, кээ бирлеринин кан басымы көтөрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгын башчысы, майор Эрнест Жусуповдун айтымында, кукаруучулар имараттагы керектүү жабдууларды сыртка алып чыгууга жетишкен.

Болжол менен имараттын 1000 чарчы метри күйгөн. Жалын 7-ноябрда эртең менен тутанган. Беш өрт өчүргүч автоунаа жана бир топ куткаруучулар тартылып, тилсиз жоо түштө чектөөгө алынды.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын тогуз айында 3000ден ашуун өрт кырсыгы катталып, былтыркыдан 30% өстү.

Быйыл он айда 30га жакын адам өрттөн көз жумду. 2020-жылы 14 адам өлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG