Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Ноокатта талапкердин мечитте жолугушуу өткөргөнү текшерилүүдө


Ноокат району.
Ноокат району.

"Фейсбук" колдонуучусу Жумалидин Пирманкулов Ноокат шайлоо окуругунан Жогорку Кеңешке аттанган Бакытбек Мариповду мечитте жолугушуу өткөрүп, үгүттөгөнүн жазды. Район акими Дамир Иманалиев бул маалыматты милиция текшерип баштаганын айтты.

"Мечит үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган жайлардын катарына кирет. Азырынча маалымат иликтенип жатат. Мен Райондук ички иштер башкармалыгына, прокуратурага кабар бердим", - деди аким.

Жумалидин Пирманкуловдун айтымында, видео 9-ноябрда Чапаев айылындагы "Мулла Абдукахор" мечитинде тартылган.

Ал ошондой эле, талапкердин атасы, Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповду административдин ресурсту колдонууга айыптаган.

Асамидин Марипов "Азаттыкка" курган маегинде айыптоолорду четке кагып, ай башында өргүүгө чыгып кеткенин айтты. Жогорудагы маалыматтарды каралоо катары сыпаттады.

Талапкер Бакытбек Мариповдун өзү же анын штабынын кызматкерлери менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бакытбек Марипов — Ноокат райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Мариповдун уулу, мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Агасы өкмөттү жетектегенге чейин Ноокат районунун акими болуп турган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG