Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

2021-жылдын 9 айында 121 миң кылмыш катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылдын тогуз айында Жазык жана жорук кодексиндеги беренелер менен 121 миң 659 факт катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тогуз айдын жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде айтылганын басма сөз кызматы кабарлады.

121 миң 659 фактынын 117 миң 87си ИИМде катталган. Анын ичинен 66 миң 274 жазык жана 50 миң 813 жорук кодексинин беренелерине ылайык катталып, ал кылмыштардын 63,6% бети ачылган.

Июль айында Улуттук статистика комитети Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча кыйла жогорулаганын кабарлаган эле. Мекеме Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазгандай, былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды.

Паракорчулук 1,5 эсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары 36% көп болду.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган. Адистер бул реформа мыйзамдарды гумандаштырганын белгилешкен.

Быйыл аталган кодекстер кайра өзгөртүлдү. Айрым көз каранды эмес эксперттер, юристтер жаңы кодекстер мурдагы репрессиялык ыкмаларга, адам укугун тебелөөгө жол ачарын айтып жатышат. Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке кагууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG