Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Кыргызстанда абактагы 453 киши коронавируска каршы вакцина алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абактагы 453 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев маалымдады.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 836 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланды. Бишкектен кыргыз бийлигинин баяндамасы менен тааныштырууга Юстиция министрлигинин, Жогорку соттун жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топ Женевага барды.

Бишкектен барган делегация 2013-жылдан бери өлкөдө кыйноого кабылган фактылар катталганын, бул көйгөйдү токтотуу үчүн эмне иштер жасалып, Кыргызстан эл аралык коомчулук алдындагы милдеттемелерин кандай аткарып жатканын айтып берди.

Өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар менен укук коргоочулардын дагы төрт отчету Комитетке жиберилген.

Кыргызстанда кыйноо фактылары барын бийлик дагы, укук коргоочулар дагы белгилеп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG