Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин маалымдашынча, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-25, күндүз 0...-5,

14-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° суук, күндүз 12…14° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG