Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Европа өлкөлөрү коронавирустан улам кайрадан чектөө киргизе баштады


Европанын бир нече өлкөлөрү коронавирус жугузгуп алгандар көбөйгөнүнө байланыштуу кайрадан чектөөлөрдү киргизе баштады.

Эмдөөнүн көрсөткүчү жана саламаттык сактоо системасынын салыштырмалуу жогору экенине карабастан Европада коронавирус жугузган адамдардын саны октябрдын башынан бери өсүп жатат.

Акыркы жети күндүн ичинде Европада 2,1 миллиондон ашык учур катталып, 2020-жылдын ноябрь айынын биринчи жумасында белгиленген рекордду жаңыртты.

Беш мамлекет – Британия, Германия, Орусия, Түркия жана Украина – жакында эле жугуштуу оорулардын 50 проценттен ашык көбөйгөнүн байкашкан.

Каза болгондордун саны дагы өсүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы жумада өлүм 10 пайызга өскөнүн билдирди.

Коронавирустун жаңы толкунуна кабылган өлкөлөр ар кандай жолдор менен жооп кайтарууда. 12-ноябрда Нидерланд өкмөтү үч жумалык жарым-жартылай чектөөнү жарыялады, ал эми Австрия эмдөөдөн өтпөгөн эки аймактын тургундары 15-ноябрдан баштап үйүнөн зарыл иш менен гана чыга алат деп жарыялады.

Германия акыркы күндөрү инфекциянын рекорддук деңгээли жөнүндө кабарлады, бирок эмдөөлөрдү талап кылуудан баш тартып, жалпы блокададан качууга үмүттөнүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG