Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада үч коло байге алды


Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медалды багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

19 өлкөнүн окуучулары катышкан Ахмад ал-Фергани атындагы физика боюнча эл аралык олимпиада 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн. Кыргызстандык окуучулар Фергана шаарына барып катышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасын мугалимдер Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG