Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

"Мемориал" Кремлдин кезектеги кысымына кабылды


Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратынын сыртындагы жазуу. 21-ноябрь, 2012-жыл.
Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратынын сыртындагы жазуу. 21-ноябрь, 2012-жыл.

Орусиянын Башкы прокуратурасы “чет элдик агенттер тууралуу” талаштуу мыйзамды сактаган жок деген жүйө менен “Мемориал” укук коргоо уюмун жабууну өтүнүп, Жогорку сотко кайрылды.

Уюм мындай чечим негизсиз экенин белгилеп, прокуратуранын кайрылуусунун саясий мүдөөсү бар экенин билдирди. Европа кеңешинин баш катчысы бул кадамды жарандык коомго жасалган «катуу сокку» катары мүнөздөдү.

Генералдык прокуратура Эл аралык "Мемориал" уюмун жана "Мемориал" укук коргоо борборун жабууну өтүнүп, сотко кайрылганы 11-ноябрда маалым болду.

Прокуратура билдиргендей, Эл аралык "Мемориал" уюму жана укук коргоо борбору "өз ишмердүүлүгүн мыйзамды бир нече жолу же одоно бузуу менен улантып келген". Тактап айтканда, прокуратуранын кайрылуусунда "уюм өз материалдарында "чет элдик агент" экенин көрсөткөн эмес" деп жазылат.

Эл аралык "Мемориал" уюму да, укук коргоочу борбор да прокуратуранын доосун четке кагууда. Уюмдун сайтында жарыяланган билдирүүдө "Мемориалды" жабууга эч кандай укуктук негиз жок экени белгиленет.

Уюмдун жетекчиси Александр Черкасов «Настоящее время» каналына берген интервьюсунда «чет элдик агенттер» тууралуу талаштуу мыйзамдын акылга сыйбаган талаптарын аткарууга аракет кылып келишкенин айтты.

"Ооба, бизге бир нече ирет айып салышты. Анткени бул мыйзам резинадай эле, каякка чойсоң, ошол жакка кетет. Эми эч кандай далили жок, Жогорку сот аркылуу Орусиядагы көз карандысыз мекемелердин бири - Эл аралык "Мемориал" уюмун жапканы турушат", - деди ал.

Эл аралык “Мемориал” укук коргоо уюму 2016-жылдын октябрь айында “чет элдик агенттердин” тизмесине кошулган. Орусияда бул тизмеге чет жактан каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген уюмдар жана аларга байланышы бар жарандар киргизилет.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга ылайык, тизмеге кирген уюмдар жана адамдар атайын каттоодон өтүп, бардык материалдарына "чет элдик агент" экенин жазып турушу керек. Эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат.

Европа кеңешинин баш катчысы Мария Пейчинович-Бурич 12-ноябрда таратылган билдирүүсүндө орус бийлигинин «Мемориалды» жок кылууга багытталган кадамын «боор оорутарлык» деп атады. Ал прокуратуранын өтүнүчү ишке ашса, өлкөдөгү жарандык коомго «чоң сокку» болорун кошумчалап, кайрылууну артка кайтарууга чакырды.

"Мемориал" СССРдеги эң алгачкы бейөкмөт уюмдардын бири болгон

Эл аралык "Мемориал" уюму 2016-жылы, укук коргоо борбору андан мурда 2014-жылы "Чет элдик агенттердин" тизмесине алгачкылардан болуп киргизилген.

"Мемориал" кыймылы 1980-жылдардын аягында, «кайра куруу» мезгилинде негизделген. 2018-жылга карата кыймылдын бүткүл Орусия боюнча 60тай филиалы жана бөлүмү болгон. Алардын көбү 2014-жылдан кийин негизделген. Бул бөлүмдөрдүн бардыгы адам укуктарын коргоо, мурдагы саясий куугунтуктарды документтештирүү менен алектенет.

"Биринчиден, "Мемориал" эң алгачкы чыныгы коомдук, бейөкмөт уюм. Анткени Советтер Союзунун маалында мындай уюмдар болгон эмес. Аны түзүү да оңой болгон эмес. Андрей Сахаров "Мемориалдын" ардактуу төрагасы болуп шайланган. Уюм коомго саясий куугунтук боюнча чындыкты жеткирүү максатында негизделген", - деди Эл аралык «Мемориал» уюмунун өкүлү Ирина Щербакова.

Башкы прокуратуранын кайрылуусунан мурда "Мемориал" укук коргоо борборуна чабуул жасалган. 14-октябрдын кечинде он чакты чүмбөтчөн адам, НТВ каналынын журналисттеринин коштоосунда борборго кирип барып, Орусиядагы ачарчылык тууралуу польшалык режиссер Агнешка Холланддын «Гарет Жонс» деген аталыштагы фильминин көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Полиция эч кандай чара көргөн эмес. Фильмди көрсөтүү бир нече убакыттан кийин уланган.

Бирок полиция кызматкерлери алты сааттай адамдарды имараттан чыгарбай, аларды түшүнүк кат жазууга мажбурлашкан. Камакта калган "Мемориалдын" кызматкерлерине адвокаттарды жана журналисттерди кое беришкен эмес. Мындан тышкары полиция техниканы, анын ичинде компьютерлерди тартып алууга аракет кылган. Кийин полиция "Мемориалдын" кеңсесинде адамдарды барымтага алуу тууралуу маалымат түшкөндүктөн, тинтүү жүргүзгөнүн айткан.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG