Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:16

Айрым укук коргоочулар жана эксперттер чек арада ашкере текшерүүгө алынып, алардын эркин орун которуу укугу басмырланып жатканы боюнча билдирүү менен чыкты.

Алардын айтымында, айрым укук коргоочулар, эксперттер жана журналисттер атайын "кара тизмеге" кирип, эки жакка чыгуусуна чектөө коюлса, кээ бир эл аралык деңгээлдеги укук коргоочулардын өлкөгө келүүсүнө тыюу салынган.

Мамлекеттик чек ара кызматы ал жарандардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизбей турганын, тиешелүү мамлекеттик органдар бекиткен тизмедеги ар бир учур өзүнчө каралышы керектигин билдирди.

Жыртылган паспорт

Жарандардын өлкөгө эркин кирип-чыгуу укугу Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок айрым жергиликтүү укук коргоочулар, журналисттер жана эксперттер соңку жылдары алардын бул укугу басмырланган учурлар бар экенин айтышууда.

Кеңсеси Бишкекте жайгашкан медиатехнология жана тынчтык орнотуу мектебинин программалык директору Инга Сикорская чек ара көзөмөлүндө бир жылда 19 жолу ашкере текшерүүгө дуушар болгонун айтты. Ал мындай көрүнүш 16-июнь күнү "Манаста" катталып, андан паспорту зыянга учураганын билдирди:

- Мен рейске шашып жаткандыктан, узакка созулган текшерүүдөн кийин колума тийген паспортумдун барактарын караган эмесмин. Алматыда казак чек арачысы паспортумдагы сүрөт айрылып калганын айтып, аны менен өткөрбөсүн билдирди. Ошондо гана мен паспортумдун "Манас" аэропортундагы узакка созулган "текшерүү учурунда" зыянга учурганын билдим. Анан ага ички ID паспортумду көрсөтүп, чек ара көзөмөлүнөн өттүм. Быйыл мартта мен Брюсселге учканда да жүгүмдү алып жатып, чемоданымдын кулпусу бузулганын көрүп таң калгам. Былтыртан бери ушуга чейин мени 19 жолу чек арадан токтотуп, ашкере текшеришти. Бир жолу чек арачылар паспортумду текшерип жатып менин "туунду" тизмеде экенимди өз ара сөз кылышты. Ошондо гана мен биринчи жолу кандайдыр бир чектөө коюлган "тизмеге" киргенимди билдим.

"Жыт" издеген шекчилдик

Жумушуна байланыштуу чет өлкөлөргө көп чыккан эксперт Инга Сикорская "кара тизмеге" кандайча кирип калганын аныктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын жана УКМКнын төрагасына жеке даттануу иретинде арыз менен кайрылды.

Ал ага карата кылмыш иши же башка бир соттук жоопкерчилик жоктугун жүйө келтирип, анда эмне үчүн анын өлкөгө кирип-чыгуусуна тоскоолдук болуп жатканын териштирүү үчүн сотко кайрылууга чейин барарын айтты. Инга Сикорская медиадагы жек көрүүчүлүктү изилдөөгө адистешкен эксперт.

Бул укук коргоочулар менен эксперттер чек арадан өтүүдө тоскоолдуктарга кабылган жалгыз учур эмес.

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

"Бир дүйнө" укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мындай чектөөлөргө бир нече ирет дуушар болгонун айтты:

- Мурдагы жолу Венага учканы чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатсам, чек арачынын артында башка дагы бир атайын кызматкер карап турат. Ал адамдарды токтотуп, кол жүгүнөн бери кайра аңтарып, сурап, каякка бара жатканына кызыкты. Кечээгиде Бишкекке келе жатканымда дагы токтотуп, ал кызматкер менден "чемоданыңызда экстремисттик материалдар жокпу?" деп сурады. Мен ага "андай маалымат болсо, мыйзам чегинде текшергиле, бул кылганыңар болбойт" деп жооп берип, чыгып кеттим. Мындай эски тажрыйбага жол бербөө керек. Адам эркиндигине чек койгон "кара тизме" Кыргызстанга көө жапкандан башка пайдасы жок экенин түшүнүү керек.

"Кара тизмени" толуктаган укук коргоочулар

Ошол эле кезде эл аралык деңгээлдеги айрым бир укук коргоочулардын, эксперттердин жана журналисттердин деги эле өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган учурлар бар экени белгилүү болду.

Жергиликтүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова мына ошол "кара тизмеге" киргизилген чет элдик айрым кесиптештерин тизмектеди:

- Мисалы үчүн Кыргызстанда Human Rights Watch уюмунун өкүлчүлүгү иштейт эле. Ал кеңседе бир топ жылдан бери иштеген эл аралык укук коргоочу Мира Ритманнды эмгек өргүүсүнөн кайтып келе жатканда чек арадан киргизбей коюшкан. Анан былтыр Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлү Виталий Понамарев дагы Кыргызстанга адам укугун коргоо боюнча жыйынга катышуу үчүн келе жатып, бирок чек арадан киргизилген жок. Тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриева дагы 2009-жылы Ноокат окуясы боюнча БУУнун адам укугу комитетине жеке доо арыз даярдоо үчүн келип, бирок эч себепсиз эле өлкөдөн чыгарылган. Мына ушуга окшогон фактылар болуп жатат.

Чек ара кызматынын жүйөсү

Мыйзам боюнча кайсы бир чет элдик жаран "нон-грант персонасы" деп жарыяланышы мүмкүн. Мындай адамдардын өлкөдө жүргөнү максатка ылайыксыз деп табылып, алардын чек арадан өтүшүнө тыюу салынат. Бирок жогорудагы чет элдик укук коргочуларга расмий түрдө андай макам ыйгарылган эмес.

"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева чек арачылар аткаруучу орган гана экенин жүйө келтирип, өлкөгө кирип-чыгууга чектөө коюу же тыюу салуу башка органдардын колунда экенин билдирди:

- Чек ара кызматы аткаруучу орган. Муну териштирүү үчүн сиз тиешелүү сот же башка укук коргоо органдарына кайрылышыңыз абзел. Бизде жарандардын чек араны кесип өтүүсүнө байланыштуу маалыматтар "жашыруун" болуп саналат. Тиешелүү мамлекеттик органдар гана жарандардын өлкөгө кирип-чыгуусуна чектөө коюп же тыюу сала алат. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай иштер менен алектенбейт. Биз чектөөлөр же тыюу салуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жөнөткөн тапшырмаларды гана аткарабыз. Бул жерде ар бир учурду ар башкача карашыбыз зарыл. Мисалы үчүн ал соттук иштерге байланыштуу болушу мүмкүн. Сот кайсы бир жаран алимент төлөбөй койсо, анын чек аркылуу сыртка чыгышына тыюу салышы мүмкүн.

УКМК менен Башкы прокуратурадан кылмыш иши козголбогон же сот жоопкерчилигине тартылбаган адамдар кандайча "кара тизмеге" кирип калганы жана алардын өлкөгө кирип-чыгуусуна чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө алууга мүмкүн болбоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG