Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Сот укук коргоочулардын үнүн укту


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Улуттук коопсуздук комитетине каршы арызын жарым-жартылай канааттандырды.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Улуттук коопсуздук комитетине каршы жазган арызы боюнча чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 30-октябрда чыгарды.

Анда сот бейөкмөт уюмдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, атайын кызматты ушул жылдын 24-январында тараткан маалыматын расмий түрдө төгүндөөгө милдеттендирген.

Укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова сот чечимин жеңиш катары кабыл алганын белгиледи.

- Муну прецедент катары кабыл алдык. Анткени ар бир адам өзүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн укугун коргошу керек. Бир дагы укук коргоо институту - милиция, прокуратура, тергөө органдары, чекисттер - далилдебей туруп пресс-релиз аркылуу күнөөлөп, психологиялык басым көрсөтпөшү керек болчу. Мындай орган пресс-релиз таратып жаткан соң жарандарыбыз деле чын эле ушундай окуя болгон турбайбы деп ишенет да. Биз күрөшүп отуруп, сот чечими чыкты. Эми алар аткарып, төгүндөшү керек.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Укук коргоо кыймылы менен УКМКнын ортосундагы соттошуу жарым жылга созулду. Бул окуя быйыл январда башталган.

Анда Улуттук коопсуздук комитети Ошто "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү деген шек менен кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө-Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын жарыялаган.

Ошондой эле УКМК тараткан пресс-релизде "тергөөдөгү адамды кармоо маалында укук коргоо уюмунун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылган" деген маалымат да камтылган. Мындан улам атайын кызматтын өкүлдөрү "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирген.

13-февралда "Бир дүйнө-Кыргызстан" жогорудагы пресс-релиздеги маалыматтар уюмдун кадыр-баркына шек келтирерин айтып сотко кайрылган.

Апрель айында башталган сот Коопсуздук кызматынын өкүлү келбей калганынан улам бир нече жолу жылдырылган болчу. Эми соттун бейөкмөт уюмдун арызын жарым-жартылай канааттандырган 30-октябрдагы чечимине УКМК макул болбой жатат.

Аталган комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиришинче, алар Бишкек шаардык сотуна жакынкы аралыкта доо арыз менен кайрылат:

- УКМК Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечими боюнча жогорку баскычтагы сот органдарына даттанууга даярданып жатат.

Бул окуя жарандык коом менен атайын кызмат ортосундагы соттошууда бейөкмөт уюмдун пайдасына чечилген аз сандагы чечимдердин бири болду. Жарандык активист Рита Карасартова бул окуя мыйзамсыздыкка каршы күрөштү акырына чейин улантуу үлгүсүн көрсөткөнүн айтууда:

- Соттун мындай чечим чыгарганы абдан жакшы болду. Себеби бул УКМК сыяктуу кубаттуу органга каршы туруп, чындыкты далилдөөгө мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Сот чечиминен кийин укук коргоочулар Улуттук коопсуздук комитетинин расмий маалыматтары канчалык деңгээлде ырасталат деген маселени көтөрүп жатышат.

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов соңку окуя кызматтын аткарып жаткан иштерине жооптуу мамиле кылып, өтө так болуу зарылдыгын көрсөткөнүн белгилейт.

- УКМК өз ишин так жана дыккат жүргүзгөн орган болушу керек. Мурун эгер тараткан маалыматы туура эмес чыкса, абдан катуу жазаланчу. Бирок акыркы учурда дал ушундай окуялар УКМК эле эмес, башка органдарда ишти жакшы билбеген дилетанттардын келгенин көрсөтүп жатат.

Анткен менен УКМК сот чечимин аткарарынан күмөн санагандар да бар. Анткени алдыдагы эки баскычтагы сот турат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG