Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Активисттерди тыңчыга теңеген мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жеке адамдарды «чет өлкөлүк агент» катары тапканга жол берилиши мүмкүн болгон мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынууда.

Мамлекеттик Дума 19-ноябрда «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алды.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, эми катардагы жарандар да «чет өлкөлүк агент» деп табылышы мүмкүн.

Леонид Левин
Леонид Левин

Мыйзам долбоордун демилгечиси, маалымат саясаты комитетин жетектеген Леонид Левин мыйзамга өзгөртүүлөр толугу менен 21-ноябрда кабыл алынарын ишенимдүү билдирди.

- Кыскача айтканда, эгер адам коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу макала жазса, анда чет өлкөлүк агент катары аныкталуу коркунучу бар. Маданият, спорт же музыка жөнүндө жазса, андай болушу күмөн, - деди Левин.

Депутат ар бир ишти Юстиция жана Тышкы иштер министрликтери карап чыгарын кошумчалады.

Документте «маалымат таркатканы үчүн чет өлкөдөн, чет өлкөлүк органдан же уюмдан, ошондой эле чет өлкөлүк жарандан акча алган жеке тараптар» атайын тизмеге киргизилери жазылган.

Мындан улам коомчулукта мыйзамдагы өзгөртүү журналисттерден тышкары жөнөкөй жарандарга да каршы иштеши мүмкүн деген кооптонуу жаралууда.

Оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков "Фейсбуктагы" постунда мыйзамдагы өзгөртүү күчүнө кирсе, өлкөдө «ыңгайсыз адамдардын классы» пайда болорун белгиледи.

Дмитрий Гудков
Дмитрий Гудков

- Маалымат каражаттарын блоктоонун жаңы толкуну пайда болуп, Орусияда журналисттик ишмердүүлүктүн аймагы чектелет. Экинчиден, өлкөдө куугунтукталган адамдар пайда болот. Бул куугунтуктан арылууга мүмкүн болбойт, "чет өлкөлүк агент" деген атайын класстан чыгуунун механизми жок. Мындай адамдарды бийлик өзү каалагандай тандайт, “лайкты” атайылап коюп коюу оңой да. Аларды бүлдүрүп, башка жакка чыгып кетүүгө мажбур кылат. Толтура айып пулдан улам алар абакка отурууга же өздөрү дүйнө кезип кетүүгө мажбур болушат. Бир мекемени жаап, кайра башкасын ачып койсо болот. Бирок, адамдын өмүрүн кайтарууга мүмкүн эмес, - деп жазды Гудков.

Ноябрь айынын башында эле Орусиянын Жогорку соту «Адам укуктары үчүн» кыймылын жоюу чечимин чыгарганда, укук коргоочу Лев Пономарев анын ордуна башка ассоциация түзүлөрүн кабарлаган.

Окумуштуу, экономист Андрей Нечаев мыйзамга кирген өзгөртүүнү бийликтин «нааразы болгондордун оозун басуу» аракети деп баалайт:

- Иш жүзүндө бийликке ыңгайсыз маалымат каражаттары менен активдүү жарандарга толтура айыпка жыгылып, ооздорун басууга же акыры алардын дүйнө кезип кетүүсүнө мажбур кылышат. Оозун баспагандарды блоктошот.

Ошол эле кезде чет өлкөлүк мекемелерде иштеген, чет өлкөлүктөр менен кызматташкан орусиялыктар Мамдуманын мындай мыйзамына түшүнбөй турат.

- Документте сиз иштеген ишканада чет өлкөлүк капитал бар болсо, сиз дароо чет өлкөлүк агент болуп каласыз деп көрсөтүлүп турбайбы, - деп жазды ​Татьяна Игнатова аттуу жаран социалдык тармакта​.

- Мындайча айтканда, блог менен социалдык тармакта бир нерсе жазгандарды, чет жактан кандайдыр бир материалдык колдоо алгандардын баарын «чет өлкөлүк агент» деп коё алышат экен да дейт Дмитрий Колезев аттуу жаран.

Ошол эле кезде Мамдуманын мыйзамын тамашага салып, келеке кылгандар бар.

Орусияда «чет өлкөлүк агенттер» деп таанылган маалымат каражаттары 2020-жылдын 1-февралына чейин орусиялык юридикалык уюмдарды ачып, кызматкерлерине эмгек акыны ошол мекеме аркылуу төлөшү керек.

Мындай медиалардын кабарлары Орусиянын социалдык тармактарында жана сайтта «чет өлкөлүк агенттер тарабынан жасалган» деп белгиленип турат.

Ушу тапта Мамдумада «чет өлкөлүк агент» катары иштөөнүн эрежелерин бузган маалымат каражаттарына 5 миллион рублга чейин айып пул салуу жазасын административдик кодекске киргизүү сунушу да каралууда.

«Чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Алгач чет жактан каржылоо алган көз карандысыз уюмдар тизмеге алынган.

2017- жылдан тарта орус бийлиги бул тизмеге чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын кошкон. Жалпысынан реестрде ушу тапта оппозициячыл Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөшүү» фонду, «Мемориал» уюму сыяктуу 150дөн ашык коммерциялык эмес уюмдар жана маалымат каражаттары катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы, «Настоящее время» телеканалы, ВВС, "Медуза", МБХ Медиа басылмалары да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG