Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Таласта үгүткө окуучулар катышты деген маалыматты милиция текшерүүдө


№21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмилбек Абдыкадыров үгүт иштерине окуучуларды катыштырды делген маалыматты милиция текшерүүдө. Бул тууралуу 13-ноябрда Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

12-ноябрда Фейсбук колдонуучусу Болот Байысов видео жарыялаган.

Анда Эмил Абдыкадыров жана анын тарапташтары "Манас ордо" комплексине кирип келе жаткан учурда көйнөк кийген үч окуучу кыз нан көтөрүп чыкканын, комплекстин эки кызматкери, мындан сырткары мекеменин жетекчисинин орун басары жүргөнү тартылган.

"Азаттык" Эмилбек Абдыкадыровдун шайлоо штабынын өкүлү Мирбек Калмырзаев менен байланышты. Ал үгүт тууралуу маалыматты четке какты.

"Биринчиден, үгүт кампаниясы үчүн эмес, зыярат кылганы барганбыз. Бизге чейин эки-үч партия жүргөндөй болгон. Кирип келе жатсак нан ооз тийгиле деди, кыргыз болгондон кийин баш тарткан жокпуз. Бирок ал кыздарды тааныбайбыз", - деди Калмырзаев.

Ал эми "Манас ордо" улуттук комплексинин директорунун орун басары Марат Раишов кыздарды тааныбай турганын, үгүт ишин токтотуу үчүн барганда видеого түшүп калганын билдирди.

Облустук милиция аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тийиштүү адамдар сурак берип жатканын маалымдады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG