Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Эркин Салымбеков мамлекетке 100 млн. сом төлөп, тергөө абагынан чыкты


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ЕАЭБ өлкөлөрүнө ата мекендик айыл чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Анын натыйжасында келтирилген зыянды толтуруу максатында кылмышка шектүү, менчик ишканалардын биринин ээси Эркин Салымбеков УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгилене турганы атайын кызмат тараткан маалыматта айтылат.

Расмий маалыматка караганда, Айыл чарба министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке бизнес өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктарды экспорттоого уруксат кагаздарын каттоо үчүн экспорттоочулардан мажбурлоо жолу менен акча чогултуп, мыйзамсыз киреше алуу боюнча туруктуу канал уюштурушкан. Буга байланыштуу министрликтин орун басарларынын жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлиндеги кызмат адамдары, ишкер Эркин Салымбеков кармалган. Келтирген зыян төлөнгөндөн кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен убактылуу тергөө абагынан чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Айыл чарба министринин ошол кездеги жана мурдагы орун басарлары Илич Марсбек уулу жана Амангелди Исаев кармалганын 27-октябрда кабарлаган.

Мунун алдында УКМК айыл чарба азыктарын экспорттоого байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылганын, "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков кармалып, жоопко тартылганын билдирген.

Эркин Салымбеков бир катар компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири. DORDOI MOTORS жоопкерчилиги чектелген ишкананын директору.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG