Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

БШК Равшан Жээнбековдун өкүлүнүн өтүнүчүн четке какты


Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.
Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги №16 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековдун өкүлү жана адвокатынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Алар Боршайкомдон Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн берүүнү жана теледебаттарга конвой кызматы менен катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранган.

БШК 15-ноябрдагы отурумунда экөөнү тең четке какты. Болгону сотко Жээнбековго депутаттыкка талапкер катары теледен атайын убакыт берилгени тууралуу маалымат жөнөтүлгөнү калды.

“Биз анын соттогу статусун билип туруп бардыгына бирдей укуктук шартты түзүп берүү үчүн талапкер кылып каттаганбыз. Себеби, ага карата соттун күчүнө кирген өкүмү жок. Ал эми шайлоого толук кандуу катышууга шарт түзүү соттун карамагында. БШК сотко кошумча өтүнүч жиберсе ыйгарым укуктарынан чыгып кеткен болот”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Ал эми Равшан Жээнбековдун Боршайкомдогу өкүлү менен жактоочусу ага бардык талапкерлердей бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши керек деп эсептейт.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди Кой-Таш айылында кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес. Парламенттик шайлоого Бишкектеги №16 Ленин округунан талапкер болуп катталган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG