Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Армения Азербайжан менен ок атышуу токтогонун жарыялады


Тоолуу Карабактагы армян күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоолуу Карабактагы армян күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын Коргоо министрлиги Орусиянын ортомчулугу аркасында Азербайжан менен чек арада ок атышпоо боюнча келишимге жетишкенин, кырдаал салыштырмалуу турукташып калганын жарыялады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Азербайжан менен Армениянын аскер ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда өткөн телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн чек арасындагы согуштук аракеттер токтогонун билдирди.

Ереван менен Баку шейшембиде болгон окуяга бири-бирин айыптап жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги “Армения тараптан кол салуу болду” деп андан эки аскери жараат алганын кабарлады. Министрлик армян тарап Калбачар жана Лачын аймактарындагы постторго миномет жана артиллерия менен чабуул жасаганын кабарлады.

Армения тескерисинче Азербайжанды айыптап, “чек арада артиллерия, бронетехника жана башка курал-жарактарды колдонду” деп доомат койду. Ереван куралдуу кагылышууда бир жоокери каза болуп, 12 адам туткунга алынганын билдирди.

16-ноябрда эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал кайра курчуп, Армения Азербайжандан коргонуу үчүн Москвадан жардам сурап кайрылган.

Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак анклавынын айынан согушкан. Ереван согушта Армениянын жана Тоолуу Карабактын 3 700дөн ашуун тургуну каза тапканын билдирген. Баку 2 900 кишисин жоготконун айтып келет. Ошондон бери ортодо чыңалуу улам курчуган учурлар катталып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG