Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Түркмөнстанда субсидияланган азыктардын тизмеси кыскарды


Ашхабаддагы базар. Архивдик сүрөт
Ашхабаддагы базар. Архивдик сүрөт

Түркмөнстанда баалар өсүп, азык-түлүк таңсыктыгы күчөгөнү мамлекет субсидиялаган азыктардын көлөмү кыскартылды.

“Азаттыктын” түркмөн редакциясынын маалыматына караганда, башкалаанын Кеши кичи районунда бир үйдө бир нече үй-бүлө жашаса да, аларга бир паёк берилет.

Буга чейин ар бирине өзүнчө берилчү. Дагы бир жерде субсиядаланган азык-түлүктүн тизмесинен суу май чыгарылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир паёкко бир килограмм шекер, тооктун эки буту, бир литр суу май кирет. Кээ бир жерлерде 15 даана жумуртка кошулган. Сөз болгон азыктар бекер эмес, бирок базардагыдан арзан сатылат. Мамлекеттик дүкөндөр аларга азык-түлүк чектелген көлөмдө келип жатканын айтышууда. Алар элге субсидияланган азыктар айына бир жолу сатыларын эскертишти.

Түркмөнстандагы экономикалык кыйынчылыктар пандемия маалында өзгөчө курчуду. Калктын көп бөлүгү мамлекет чегерген баа менен сатылган тамак-ашка көз каранды.

Буга карабай бийлик кризисти, каатчылыкты, пандемиянын элдин жашоосуна тийгизген залакасын танып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG