Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Татарстандын президенти Кыргызстанга келди


Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.
Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Орусиянын курамындагы Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганын президенттик админстрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Минниханов кыргыз-татар ишкердик форумуна да катышат. Ушундай форум 2015-жылы өткөн.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Кыргызстанда СССР убагында 50 миңден ашуун татар улутундагы адамдар жашаган. Кыргыз-татар достук коомунун 2015-жылдагы эсебине ылайык, өлкөдө 30 миңге жетпеген татар тектүүлөр жашары маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG