Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Өрдөк этине байланыштуу сот өкүмү чыгышы мүмкүн


Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов.
Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов.

Кытайдан аткезчилик жол менен ташылган өрдөк этине байланыштуу иш боюнча 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту өкүм чыгарышы мүмкүн.

15-ноябрдагы соттук жараянда прокуратура мурдагы Финансы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген Эмил Жамгырчиевди, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовду 15 жылдан абакка кесүүнү сураган.

Сотто жарыш сөз жыйынтыкталып, айыпталуучулардын акыркы сөзү калган.

2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди Жазык кодексинин “Пара алуу” беренеси менен шектүү катары кармаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп быйыл февралда үй камагына чыккан.

Жамгырчиев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмесинен талапкер катары катышууда.

Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары Жамгырчиев менен кошо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов да кармалып, кийин ал да үй камагына чыгарылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG