Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Бишкекте ишкер аялдарды колдоо боюнча конференция өтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн 19-ноябрда аялдар ишкерлигин колдоо боюнча конференция өтүүдө. “Аялдар жетектеген чакан жана орто ишканалардын каржылоо жана инвестициялоо боюнча инклюзивдик ыкмаларды пайдалануусун жакшыртуу” деген темадагы иш-чараны Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы уюштурду.

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарынан 300гө жакын ишкер аял чакырылды жана анда аялдар ишкерлигин колдоого багытталган мамлекеттик программа тартууланды.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Борбор Азиядагы соода-сатыкка көмөктөшүү” долбоорунун Кыргызстан боюнча координатору Айсулуу Мамбетказиеванын айтымында, изилдөөлөрдүн көбү адатта аялдар тапкан кирешесинин 90% балдарына, алардын ден соолугуна жана билим алуусуна, башкача айтканда, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү инвестицияларга жумшай турганын көрсөткөн. Башкаруусуна аялдар катышкан бизнес туруктуу жана кирешелүү болорун тажрыйба көрсөтүп жатканын адистер айтууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда ишкерлердин 30% аялдар түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG