Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Саматбек Ибраев финтех боюнча мыйзам долбоорун кайрадан сунуштады


Саматбек Ибраев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Саматбек Ибраев “Финтехти өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан парламентке алып чыкты. Документ коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жайгаштырылды.

Депутат финтехти өнүктүрүүнү Улуттук банкка жүктөөнү сунуштоодо. Документте "финансылык технологиялар" (финтех) - финансы чөйрөсүндө технологияларды жана инновацияларды пайдаланган компаниялардан турган тармак деп белгиленет. Ага технологиялык стартаптар да, жаңы технологиялык чечимдердин негизинде көрсөтүлүүчү финансылык кызматтарды жакшыртып жана оптималдаштырып турган ири уюмдар да кирет.

Буга чейин Саматбек Ибраев “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Бул демилгеге Кыргызстанда финансылык технологиялар концепциясын киргизүү да камтылган. Ага ылайык, компаниялар же жеке жактар банктын катышуусуз тиркеме аркылуу акча которуп, жарандарга эсеп ачып, аларды тейлеп, насыя бере алышат.

Ибраевдин мыйзам долбоору парламентте чоң талкуу жараткан. Улуттук банк менен өкмөт терс корутунду менен чыгып, биринчи окууда четке кагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG