Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Дүйшөмбүдө жолукту


Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин. Дүйшөмбү, 19-ноябрь 2021
Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин. Дүйшөмбү, 19-ноябрь 2021

Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин 21-ноябрда Дүйшөмбү шаарында жолугушту. Министрлер "Европа биримдиги - Борбордук Азия" диалогунун алкагында жолукканын бүгүн, 22-ноябрда ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Эки өлкөнүн башкы дипломаттары эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында өлкөлөр ортосундагы кеңеш, комиссия жана топтордун иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын сүйлөшүштү.

Жолугушууда министр Казакбаев кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоону тезирээк аяктоого кызыкдар экенин, бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин бардык спектрине оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Кыргыз тарап прокуратуранын, кылмыш-жаза аткаруу системасынын өкүлдөрүн, чек ара ведомстволорун тартуу менен консулдук консультацияларды өткөрүүнү, жана ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын координациялык отурумдарын өткөрүү практикасын калыбына келтирүүнү сунуштады. Тараптар эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча пайда болгон маселелерди мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн Башкы прокуратуралардын, Ички иштер министрликтеринин жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда ыкчам жумушчу топторду түзүү зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.

Министрлер жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүү жана өлкөлөрдүн ортосунда жүк ташууну либералдаштыруу маселелерин талкуулашты. Маданият жана гуманитардык кызматташтык маселелерине кайрылып, маданият күндөрүн, биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруунун, жаштар жана академикалык жамааттардын байланыштарын сактоонун маанилүү ролун белгилешти.


Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү иши чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганы айтылган.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында орун алган.

XS
SM
MD
LG