Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Европада коронавирус чектөөлөрүнө каршы акциялар өттү


Коронавирус чектөөлөрүнө каршы нааразылык акциясына чыккандар. Нидерланд. 21-ноябрь, 2021-жыл.

Нидерланддын бир нече шаарында үч күндөн бери коронавирус чектөөлөрүнө каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Роттердамда демонстранттар тартип коргоочулардын машинелерин өрттөгөндө полиция эскертүү иретинде асманга карай ок атып, суу чачып таркатканга аргасыз болду. Жаракат алган төрт киши ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын арасында полиция кызматкерлери да бар.

21-ноябрда Нидерланд боюнча акцияга чыккан ондогон адам кармалды. Өткөн аптада өлкө бийлиги үч жумага жарым-жартылай карантин киргизген. Нидерландда чоң адамдардын 85% вакцина алганына карабастан, коронавируска чалдыккандардын саны кескин өсүп жатат.

Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рютте 22-ноябрда жасаган билдирүүсүндө демонстрацияларды "акылы кемдердин кылганы" деп атап, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Кошуна Белгиянын баш калаасы Брюсселде 21-ноябрда коронавирус чектөөлөрүнө каршы 35 миңдей адам чыкты. Алар коомдук жайларда вакцина сертификатын талап кылган эрежеге нааразычылыгын билдиришти. Ушундай эле акциялар дем алыш күнү Хорватия, Швейцария жана Италияда дагы өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG