Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

МАГАТЭнин башчысы Иран бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы (МАГАТЭ) Рафаэль Гросси жана Ирандын Атомдук энергетика боюнча агенттигинин жетекчиси Мухаммед Эслами. 23-ноябрь, Тегеран.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы (МАГАТЭ) Рафаэль Гросси жана Ирандын Атомдук энергетика боюнча агенттигинин жетекчиси Мухаммед Эслами. 23-ноябрь, Тегеран.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы (МАГАТЭ) Рафаэл Гросси 23-ноябрда Ирандын тиешелүү мекемесинин жетекчиси Мухаммед Эслами менен жолукту.

Сүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн маалымат жыйында Гросси агенттик Иран өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү улантууну жана тереңдетүүнү көздөй турганын айтты. Ал эми Эслами Тегеран техникалык маселелерди "саясатташтырбай чечүүнү" кааларын билдирди.

2008-жылы Улуттар Уюму Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу санкция салган. Кийинки аптада Иран менен 2015-жылы жетишилген макулдашууну жандандыруу боюнча Венада сүйлөшүүлөр өтөт.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

19-ноябрда МАГАТЭ билдиргендей, Тегеран байытылган урандын корун 2015-жылкы келишимде аныкталган деңгээлден бир нече ирет көбөйткөн.

XS
SM
MD
LG