Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Улуттук банк валюта базарына 70,3 миллион доллар сатты


Кыргызстандын Улуттук банкы 23-ноябрда кезектеги интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 70,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. Ошентип, жыл башынан бери жалпы суммасы 517 миллион долларга 12 жолу интервенция жасалды.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,87 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн.

Улуттук банк акыркы жолу 2021-жылдын 5-ноябрында интервенция жасап, 55,4 млн доллар саткан.

2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 465 миллион 950 миң доллар саткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG