Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Демократияга арналган саммитке Борбор Азия лидерлери чакырылган жок


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден декабрда демократияга арналган онлайн саммитке 110 чакты өлкөнүн лидерлерин чакырды.

Арасында Батыштагы өнөктөштөр, Армения, Болгария, Грузия, Косово, Молдова, Монтенегро, Пакистан, Украина жана башка мамлекеттердин жетекчилери бар.

23-ноябрда Мамлекеттик департаменттин сайтында жарык көргөн тизмеге Кытай же Орусия өкүлдөрү кирген эмес.

Борбор Азия, Азербайжан жана Венгриянын лидерлери да онлайн жыйынга чакыруу алышкан жок.

“Жогорку деңгээлдеги жолугушууда демократиялык жараяндар туш болуп жаткан кыйнычылыктар менен мүмкүнчүлүктөр талкууланып, лидерлерге өз өлкөлөрүндө жана дүйнөдө демократияны, адам укуктарын коргоо, реформаларды жүргүзүү жаатындагы милдеттенмелери, демилгелери менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилет”, - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин сайтында.

9-10-декабрга пландалган саммитке жарандык коомдун, менчик сектордун өкүлдөрү да чакырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG