Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Амангелдиев: Кыргызстан Ирандын Бандар-Аббас портунан транзит ачат


Бандар-Аббас порту.
Бандар-Аббас порту.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандык ишкерлердин жүк ташуусу үчүн Ирандагы Бандар-Аббас портунан транзит ачуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Министр "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан учурда маалымдагандай, пандемия башталгандан бери ишкерлер логистика ишинде чоң көйгөйлөргө туш болду.

Данияр Амангелдиев учурда Кытай дүйнө жүзү менен логистикасын токтотуп койгонун, мындан улам башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы чийки заттын тартыштыгы байкалып жатканын кошумчалады.

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берери белгилүү болгон.

Тышкы иштер министрлиги жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да берилерин билдирген.

Бандар-Аббас – Ирандын түштүгүндө, Перс булуңунда жайгашкан порт шаары.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Кытайдан келген товар кескин кыскарган. Ага чейин Торугарт менен Эркечтам өткөрүү бекеттеринин ар биринен күнүнө 150гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп келсе, пандемия башталгандан бери 10-20 гана өтүп жатканы белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматка киришип жатып Кытайдан жүк ташыган унаалардын санын көбөйтүүгө убада берген. Экономика жана коммерция министринин айтуусунда учурда күнүнө 50дөн ашык жүк ташуучу машине өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG