Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай деңгээлде жаракат алганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды.
Кагылышуудан жабыркагандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар.
Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык иретинде митингге чыккан. Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Ошондой эле Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар чогулган эле.
26-ноябрь күнү эртең менен нааразылык акциясы уланып, Хорогдун жана анын тегерек-четинин ондогон тургундары Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун акимчилигине келишти. Митингчилер түндү акимчиликтин жанындагы аянтта өткөргөнү кабарланды.