Саламаттык сактоо министрлигинин 27-ноябрдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду. Алардын баары COVID-19 вирусуна каршы эмделбегендер экени кабарланды.
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2740 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 67 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 183 207.
Бир күндө 91 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 418 адам жатат, дагы 552 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 177 960 киши. Азыркы тапта ооругандардын көбү Бишкек шаарынан аныкталууда. (BCh)
Facebook шеринеси