Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Шайлоо күнү президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга барат


Садыр Жапаров. Иллюстрациялык сүрөт.
Садыр Жапаров. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы менен өтчү саммитте Ашхабаддын Экономикалык кызматташтык уюмуна жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгы чыгарылат.

Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат.

Аталган уюмга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Азербайжан мүчө.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG