Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Президент Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды


БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, президент Садыр Жапаров, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. 27-ноябрь, Бишкек.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, президент Садыр Жапаров, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев. 27-ноябрь, Бишкек.

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды.

Мамлекет башчысы "Фейсбукка" билдирүү жазып, партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды.

"Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!" - деди Жапаров.

28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өттү. Алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өткөнү көрсөтүлгөн.

Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны алтыга түшүп, добуштардын саны да кыскарды. Бул жагдайды "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар "көз боёмочулук" деп нааразылык билдиришти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков электрондук сервердин ишине кийлигишүү болбогонун айтышты.

Добуш берүү аяктаган учурда президент Садыр Жапаров шайлоо таза өткөнүн белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG