Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Шайлоо күнү мас абалында жүргөн милиция кызматкерлери иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери шайлоо күнү мас абалында жүргөнү үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарда шайлоо өтүп жаткан күнү эки милиция кызматкери Ысык-Ата районунда жайгашкан аймактык шайлоо тилкелеринин биринин жанында мас абалында жүргөн видео тараган.

"Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө бөлүмдүн коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын улук лейтенанты О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. кызматтык тартипти бузуп, аларга бекитилген аймактык шайлоо тилкесинде мас абалында жүргөнү аныкталган. Аталган кызматкерлер Кант шаарынын аймактык ооруканасына медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, мас абалында экендиги тастыкталган", - деп жазылат маалыматта.

Алар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички буйруктарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексин, милиция кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелерин, Чүй милиция башкармалыгынын буйругун одоно бузгандыгы үчүн эки кызматкер тең ички иштер органдарынан четтетилди. Бир нече тийиштүү жетекчилер кызматтык жоопкерчиликке тартылды.

ИИМ коомдук коопсуздукту сактоого 12 миңдей кызматкер тартылганын билдирген. 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан 1006, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG