Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

Стамбул: кыргызстандык аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын "Сабах" басылмасы 30-ноябрдын түнү Түркиянын Стамбул шаарындагы Шишли аймагында мейманканалардын биринде 50 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылганын кабарлады. Анда мейманкананын кызматкери аял менен байланышуу мүмкүн болбой жаткандыктан полиция чакырган. Укук коргоо органдары эшикти ачып кирип, жерде жаткан аялдын каза болгонун аныктаган.

Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу "Азаттыкка" каза болгон кыргызстандык жаран бир канча күндөн бери Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын билдирди. Бул боюнча анын Кыргызстандагы туугандары кабардар. "Жүк- 200" 1-декабрда Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Түркиялык басылма жазгандай, Стамбул шаардык полициясы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, сөөктү соттук-медициналык экспертизага жөнөткөн.

Жыл сайын Түркиядан Кыргызстанга орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" жөнөтүлөт. Ал эми Түркиянын Ишки иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө 300 аял өлтүрүлгөн. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келиндер экени айтылбайт.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 20-октябрда, 2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин көмөгү менен 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилгенин билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG