Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Энтони Блинкен менен Сергей Лавров жолукту


АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2-декабрь, 2021-жыл.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2-декабрь, 2021-жыл.

Швециянын Стокгольм шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-декабрда жолугушту.

ЕККУнун министрлеринин жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөр 40 мүнөткө созулду.

Анда Сергей Лавров өз өлкөсү Вашингтон менен кызыкчылыктардын тең салмактуулугун издей турганын белгиледи. Министр НАТОнун чыгышты көздөй жылып, кеңейишине тынчсызданарын айтып, бул Орусиянын улуттук коопсуздугуна каршы келерин белгиледи.

Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри менен жолугушуу баарын болгондой сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экенин билдирди.

Мамлекеттик катчы Лавров менен Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулоону каалай турганын да кошумчалады. Орусиянын абак жайында жазасын өтөп жаткан америкалык Тревор Рид менен Пол Уиландын маселесин көтөрүүнү пландоодо. Дипломаттын айтымында, ал экөө тең адилетсиз соттолгон.

Мамдепартаменттин жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүндө, Блинкен Москваны Украина менен чек арадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырып, АКШнын Донбасстагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга катышууга даяр экенин ырастаганы айтылды.

Лавров америкалык кесиптеши менен сүйлөшүүдө АКШ өзүнүн геосаясий оюндарына Украинаны аралаштыруусу оор кесепеттерге алып келерин, Москва жооп кайтарууга мажбур болорун айтканын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин Блинкен Орусия Украинага кол салууну чечсе, Батыш күчтүү экономикалык чараларды колдоно турганын жарыялаган.

Киев жана Батыш Орусияны Украина менен чек арага жакын жерде аскерлерин жайгаштырып, чабуулга өтүүгө даярданууда деп айыптоодо. Москва өз кезегинде Киев менен НАТОнун мүчөлөрү анын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG