Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Тажикстанда үч кыргызстандык жаран соттолду


Сентябрь айынын соңунда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган.
Сентябрь айынын соңунда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган.

Тажикстандын Хожент облусуна караштуу Гафуров райондук соту 30-ноябрда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталган кыргызстандык үч жаранга өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Айдарбек Хайдаров менен дагы бир жаран эки жылга эркинен ажыратылды. Ал эми үчүнчү кыргызстандык 18 жылга кесилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Айдарбек Хайдаровдун атасы Умарбай Хайдаров билдирди.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги да, тажик тарап да маалымат бере элек.

Ушул аптанын башында расмий Дүйшөмбү чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон. Дагы үчөө ушул жумада бошотулары айтылган. Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран бошотулган.

Сентябрь айынын соңунда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган. Баарына "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып коюлган. Алардын айрымдарынын туугандары бийликке кайрылуу жасап, 44 жаштагы Саидакмат Артыков менен 24 жаштагы Айдарбек Хайдаровдун жакындары бийликке бир нече жолу кайрылып, жакындарын бошотууга жардам сураган. (KuA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG