Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Акматбек Келдибеков БШКнын сервериндеги маалыматка ишенгенин айтты


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сервериндеги маалыматтарды алмаштырып салуу мүмкүн эместигине көзү жеткенин билдирди.

2-декабрда ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, БШКнын адистери сервердин кантип иштерин түшүндүрүп, көрсөтүп беришти. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлап, жолугушуунун видеосун таратты.

"Эки сааттан ашуун талкууладык. Ал жерде сумманы чыгарууда БШКдагы адистердин кетирген жөнөкөй катасы далилденди", - деген Келдибеков бюллетендерди колдо санап чыгуу менен гана талашка чекит коюларын кошумчалады.

УКМК Келдибековду 1-2-декабрда суракка чакырган. Расмий кабарга ылайык, социалдык тармактарда тараган видеодо саясатчы шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, аны түшүндүрмө берүүгө чакырган.

Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.

Добуштар бурмаланды деген нааразылык жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүү керектигин билдирген.

Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG