Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Шайлоо: добуштардын 90% ашыгы кол менен саналды

Добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан.
Добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, 3-декабрга карата добуштардын 92,62 % кол менен саналды жана анда беш пайыздык чектен алты партия өттү.

Тактап айтканда, "Ата-Журт Кыргызстан" 16,70%, "Ишеним" 13,76%, "Ынтымак" 11,19%, "Альянс" 8,02%, "Бүтүн Кыргызстан" 6,70% жана "Ыйман Нуру" 6,24% добуш алды.

Добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан. Бир катар партиялар "бул системаны бийлик көзөмөлдөп, добуштардын санын каалагандай өзгөрттү" деп нааразычылык билдирген. БШК менен бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып келет.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болуп, 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

​
XS
SM
MD
LG