Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

Сот "Жахабанын күбөлөрүнүн" китептерин экстремисттик деп тааныган жок


«Жахабанын күбөлөрүнүн» китептери. Иллюстрациялык сүрөт.
«Жахабанын күбөлөрүнүн» китептери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Жахабанын күбөлөрү" диний агымынын китептерин экстремисттик деп таануу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын канааттандырган жок. Башкы көзөмөлдөөчү орган сотко 17-ноябрда кайрылган жана анда аталган уюмдун 11 китебин, эки брошюрасын жана алты видеотасмасын экстремисттик деп таануу тууралуу арыз жолдогон.

Бул материалдар 2019-жылдын аягында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) козгогон кылмыш ишининин негизинде "Жахабанын күбөлөрүнүн" Бишкектеги кеңсесин тинткенде алынган.

Тергөө учурунда экспертиза жүргүзүлүп, анда китептер "диний кастыкты козутат" деген корутунду чыгарылган.

УКМК Башкы прокуратурага Кыргызстанда "Жахабанын күбөлөрүнүн" ишмердигине тыюу салуу жана алардын китеп, материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу кайрылган.

Кыргызстанда "Жахабанын күбөлөрү" 1998-жылы диний борбор катары катталган. Уюмдун эсебинде, өлкөдө беш миңдей мүчөсү бар.

Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы бул диний агымды экстремисттик деп таап, өлкөнүн аймагында ишмердигине тыюу салган. (KuA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG