Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Өзбекстанда он жылга кесилген кыргызстандык өлкөгө кайтарылды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Кадамжай району, Баткен облусу.

Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, 2014-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда 10-жылга кесилген Кубанычбек Эралиев жазасын өтөп бүтүп Кыргызстанга өткөрүп берилди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Эралиев өзү билдирди. Ал мындан жети жыл мурун “чек араны мыйзамсыз бузган“ жана “тыңчылык кылган” деген айыптар менен Өзбекстанда абакка кесилген. Түрмөдө жети жарым жыл отурган Эралиев өлкөгө 9-ноябрда келген.

“Мен жаза өтөгөн колониянын кызматкерлери мени Кадамжай районунун өткөрмө бекетине чейин коштоп келишти. Бул жактан туугандарым тосуп алды”.

48 жаштагы Кубанычбек Эралиев Өзбекстанда сот жообуна тартылган кезде 41 жашта болчу. Ошол кезде анын жубайы күйөөсү кыргыз-өзбек чек арасын паспорту жок кесип өткөнүн, аны 2014-жылдын 2-майында өзбек тарап чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн кармаганын айтып берген.

Жакындары Эралиевге тыңчылык боюнча айып тагылганы туура эмес жана бул айыпты ал моюнуна албаганын айтышкан. Өзбекстандагы сотко кыргыз тараптан эч ким, айыпталуучунун жакындары да катыша алган эмес. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG