Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

АКШ: Конгресс өкмөттүн ишинин токтоп калуусунун алдын алды


АКШ. Ак үй.
АКШ. Ак үй.

АКШ Конгресси өкмөттү 18-февралга чейин каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 2-декабрда кабыл алды. Документти 69 адам колдоду, 18и каршы добуш берди.

"Мыйзам долбоору четке кагылса, жүздөгөн федералдык кызматкерлер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө кетүүгө аргасыз болмок", - деп кабарлады "Америка добушу" радиосу.

Өкмөттү убактылуу каржылоо боюнча мыйзам долбоору Конгресстин 1-октябрда башталган жаңы каржы жылынын бюджетин аликүнчө беките электигинен улам керек болгон. Өкмөттүн жарым-жартылай жабылышы эки партияга тең саясий кыйынчылык жаратышы мүмкүн эле. Айрыкча Конгресстин эки палатасын тең минималдуу артыкчылык менен көзөмөлдөгөн демократтардын ишине кыйынчылык жаратмак.

2018-2019-жылдары республикачылар менен демократтар ортосундагы бюджеттик келишпестиктен улам өкмөттүн иши 35 күнгө токтоп калган.

Демократтар Мексика менен чек арага мыйзамсыз мигранттардан коргонуу үчүн дубал курууну каржылоодон баш тарткан.

Натыйжада, ошол кездеги президент Дональд Трамп федералдык бюджетти кыйгап өтүп, дубалдын курулушун каржылоо үчүн өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG