Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

"Ата Мекен": Бектур Асановду УКМКга суракка алып кетишти


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынан маалымдашты. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында парламенттик шайлоого аталган партиянын тизмеси менен катышкан саясатчы Бектур Асанов бийликти, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди кескин сындап чыккан.

Мындан бир күн мурда УКМК "Азаттык" партиясынан талакер Акматбек Келдибековду да суракка чакырган. Атайын кызмат саясатчы шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө негизсиз сүйлөгөн деп билдирип, муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалаган жана түшүндүрмө берүүгө чакырган.

Келдибеков сурактан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сервериндеги маалыматтарды алмаштырып салуу мүмкүн эместигине көзү жеткенин билдирген.

Добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан. "Ата Мекен" баштаган бир бир катар партиялар "бул системаны бийлик көзөмөлдөп, добуштардын санын каалагандай өзгөрттү" деп нааразычылык билдирген. БШК менен бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды четке каккан.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болуп, 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG