Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Текебаевге кол салууга катышкандар саясатчыдан кечирим сурашты


Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар андан кечирим сурашты. Бишкек, 3-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар андан кечирим сурашты. Бишкек, 3-декабрь, 2021-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты. Окуяга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев мындайча түшүндүрмө берди.

“Биз өкмөт үйүнүн алдында эле турганбыз. Аны өзүңөр деле көрдүңөр. Биз сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Болгону ортодо кызыкдар адамдар бизди кагыштырып атат. Сабайлы деп келген кишилер башкача болмок. Ортодо чагым болуп кетти. Негизи биз өкмөт үйүнүн алдында жарым саат, бир саат турдук”.

1-декабрда өкмөт үйүнүн алдына Кыргызстанда митинг, пикеттерди токтотууну талап кылгандар чогулуп бирок акция өтпөй калган. Ошол эле күнү алар өкмөт үйүнүн артында жайгашкан Park Hotel мейманканасында отурган Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Саясатчы аны сабагандарга дооматы жок экенин, бирок юридикалык жоопкерчилик болбосо аны уюштурууга катышкандарга саясий баа берилиши керектигин айтты.

“Президент “жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты” деп атат. Мени эле эмес “митингчилерди да кубалайбыз деп келишкен” дейт. Кубалоо деген – күч колдонуу деген сөз. Митингге мурунку спикерлер, мурунку өкмөт башчылар, мурунку депутаттар, кыздар, балдар барды. Аларды кантип кууйсуңар? Алар Конституциялык укугун пайдаланып жатат. Президенттин айтканы боюнча баарыңар соттолушуңар керек. Биринчи кезекте уюштуруп жөнөткөндөр соттолушу керек болот. Президенттин, байлардын, мэрлердин да сөзүнө кирбегиле. Алар келет, кетет”.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.


Текебаев өзү бул окуяны “саясий террор” деп, ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган. “Ата Мекен” партиясы лидерине болгон кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткенин айткан. Президент Садыр Жапаров саясатчыга карапайым эле тентек балдар кол салганын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG