Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

АКШ Орусияны аскерлерин украин чек арасынан ары чыгарууга чакырды


Энтони Блинкен жана Сергей Лавров, Стокгольм, 2-декабрь, 2021-жыл
Энтони Блинкен жана Сергей Лавров, Стокгольм, 2-декабрь, 2021-жыл

Орусия Украинанын чек арасындагы чыңалууну басаңдатышы керек. Бул боюнча АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен 2-декабрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда билдирди.

Стокгольмдогу ЕККУнун министрлеринин жыйынынын алкагында болуп өткөн эки тараптуу сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду.

"Азыр Орусия чек арага жакын аймактардагы аскерлерин азайтуу, аларды туруктуу жайгашкан бөлүктөрүнө кайтаруу, Украинаны андан ары коркутууга жана аны туруксуздаштыруу аракеттерине жол бербөө аркылуу учурдагы чыңалууну басаңдатуу үчүн жооптуу", - деди Энтони Блинкен.

Мамдепартаменттин бул жолугушуу боюнча жасаган билдирүүсүндө, Блинкен АКШнын Донбасстагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга катышууга даярдыгын ырастаганы айтылат.

Өз кезегинде Сергей Лавров америкалык кесиптеши менен сүйлөшүүдө АКШнын геосаясий оюндарына Украинаны тартканы оор кесепеттерге алып келип, Москваны жооп кайтарууга аргасыз кыларын баса белгиледи.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Стокгольмдогу сүйлөшүүлөрдүн башында Сергей Лавров Москва менен Вашингтон кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо жолун издей турганын баса белгиледи.

Министр НАТОнун Чыгышка карай кеңейүүсүнө тынчсызданып, бул Орусиянын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына таасир этерин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри менен жолугушуу чынчыл сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Мамлекеттик катчы Лавров менен Тоолуу Карабактагы кырдаалды, Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан америкалык Тревор Рид менен Пол Уиландын маселесин талкуулоону каалай турганын билдирди. Дипломаттын айтымында, ал экөө тең адилетсиз соттолгон.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинага жакын чек арага аскерлерди жайгаштырып, чабуулга даярданууда деп айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG