Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Жаңы конуштардагы үйлөргө техпаспорт берген көчмө топтор иштейт


Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга келген тургундар. 22-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга келген тургундар. 22-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек.

7-декабрдан тартып Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы мыйзамсыз курулуштарга техникалык паспорт берген көчмө топтор иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жаңы конуштарга чыгып иштей турган көчмө топтор жаңы конуштарда өз алдынча курулган турак-жайларга техникалык паспорт берүү үчүн маалыматтарды топтойт. Көчмө топтордун иштөө убактысы жана жери мэриянын расмий сайтына чыгарылып турат.

Бишкек мэриясы техникалык паспорт жер мыйзамдашты дегенди түшүндүрбөстүгүн, анда кыймылсыз мүлктүн гана техникалык маалыматтары топтолорун билдирет. Бул документ жер тилкесин мыйзамдаштыруунун биринчи этабы.

Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

1. Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү).

2. Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар.

3. Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн сандык курамынан маалымат кат.

Президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушкан.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Президент жаңы конуштардын тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, ошону менен бирге мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбойт деп келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG