Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Кожошев Кытайдан ташылган жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү


Арзыбек Кожошев.
Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, эки тарап "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттери аркылуу жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууну сүйлөшкөн.

"Эки элдин бакубаттуулугу үчүн өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатуу боюнча оптималдуу чечимди табуу иретинде өз ара саясий эрктин көрсөтүлүшүнө ишенебиз", – деген Арзыбек Кожошев.

ШУАР элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше Кытай тарап эки өлкө ортосундагы соода балансын жакшыртууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди кароого даярдыгын билдирген.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда чек арасын толук жапкан Кыргызстан бир жарым жылдан бери соода алаканы жанданта албай келет.

Быйыл 18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекетине барган. Ал "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып, мындан ары жүктөө "Арка" районунда эмес, "Торугарт" өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айткан эле.

Экономика министри Данияр Амангелдиев өткөн жумада "Торугарт", "Эркечтам" бекетттери аркылуу күн сайын 50дөн жүк ташуучу унаа өтүп жатканын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG