Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Кытай АКШнын дипломатиялык бойкотуна жооп кайтарды


Кытай. Бээжин-2022 Кышкы Олимпиада оюндарынын белгиси түшүрүлгөн баннер.
Кытай. Бээжин-2022 Кышкы Олимпиада оюндарынын белгиси түшүрүлгөн баннер.

АКШнын чечими февралда Бээжинде өтө турган Олимп оюндарынын ачылыш аземине президент Жо Байден да, башка жогорку даражалуу расмий адамдар да катышпайт дегенди билдирет. Ошондой эле, башка дипломаттар да Кытайга барышпайт.

АКШ делегациясынын курамында спортчулар жана машыктыруучулар гана болот.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян "Кытай буга байланыштуу Кошмо Штаттарга катуу нааразычылыгын билдирет" деп жооп берди. Ошондой эле, Бээжин Вашингтонго каршы чечкиндүү чараларды көрө турганын билдирди.

"АКШнын аракеттери Олимпиадалык хартияда белгиленген дене тарбия жана спорттун саясий бейтараптык принцибин олуттуу түрдө бузат", - деди расмий өкүл.

Кытайдын АКШдагы элчилигинин сайтындагы билдирүүдө, "Америкалык саясатчылар Олимп оюндарына чакырылбаса дагы, дипломатиялык бойкотту жактап жатышат" деп өзүнчө көрсөтүлгөн.

Анда Вашингтондун аталган билдирүүсү "саясий манипуляция", "ачык саясий чагым жана 1,4 миллиард кытайлыкты катуу мазактоо" деп аталды.

"Бул кытай элине жана дүйнөгө америкалык саясатчылардын Кытайга каршы мамилесин жана эки жүздүүлүгүн ачык көрүүгө шарт түзөт", - деп айтылат Кытайдын АКШдагы элчилигинин расмий сайтындагы билдирүүдө.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки дипломатиялык бойкоттун себебин Кытай Эл Республикасы Шинжаңда геноцид жүргүзүп жатканы менен түшүндүрдү.

Кеп Кытай бийлиги мусулман азчылыгын кысымга алып, түрмөлөргө жана "кайра тарбиялоо лагерлерине" жиберип жатканы жөнүндө болуп жатат. Ал жакта адамдар абакта кармалып, коммунисттик пропагандага дуушар болуп, кытай тилин күч менен үйрөнүүгө мажбурланганы тууралуу көптөгөн туткундар башынан өткөргөн кыйноолор тууралуу буга чейин айтып чыгышкан.

Жаңы Зеландия менен Литва Бээжиндеги Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялоого буга чейин кошулган. Бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү анын негизги себеби катары "Кытайда адам укугун одоно бузуу учурларын” мисал келтирген.

Азыркы учурда Улуу Британия, Канада жана Австралия дипломатиялык бойкот жарыялоону караштырып жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG