Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Казакстанда калктын саны 19,17 миллионго жетти


Казакстан. Алматы шаары.
Казакстан. Алматы шаары.

Жалпы улуттук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Казакстандын калкынын саны 19 169 550 адамды түзгөнүн өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин 8-декабрда билдирди.

Ал президент Касым-Жомарт Токаевге 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлгөн улуттук эл каттоонун биринчи жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Эркектер менен аялдардын санынын катышы аялдардын үлүшүнүн эркектерге салыштырмалуу 51,8% барабар болуп, көпчүлүктү түзгөн.

Калктын 33,97% 17 жашка чейинки балдар, 19,72% 14-28 жаштагы жаштар түзөт.

Калктын орточо катмарын жашы 31,9 жаштагылар түзөт. Эмгекке жарамдуу жарандардын саны 11 320 410 адамды, же калктын 59,05% барабар.

Казакстандагы жалпы калктын ичиндеги казактардын этникалык курамы 70,18% жеткени белгиленди.

Быйыл 1-30-октябрга чейин өлкөдө эл каттоонун алкагында үймө-үй кыдырып изилдөө жүргүзүлдү. Расмий маалыматтарга караганда, өлкө тургундарынын 42,5% эл каттоого онлайн түрүндө катышкан.

Бул эгемен Казакстандын тарыхындагы үчүнчү эл каттоо болду. Буга чейинкиси 2009-жылы болуп, коррупциялык жаңжал менен коштолгон. Анда калктын саны 16 миллион адамды түзгөн.

Казакстандагы 1999-жылдагы эл каттоодон бери калктын саны миллиондон ашык ашык көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG