Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Акылбек Жапаров: өлкөнүн ар бир президенти Кумтөрдөн "үлүшүн" алган


Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, өнөктөштөр менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы анын сүйлөгөн сөзүнүн текстин жарыялады. Анда Жапаров Кумтөр маселесине кеңири токтолгон жана аны өлкөнүн "жүрөгүндөгү айыкпас дарт, жоголгон мүмкүнчүлүктөр, уурдалган байлык" деп сыпаттаган.

"Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон "үлүшүн" алып келген деп айтсам мен жаңылышпайм да, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм. Муну көрүп-билип турган өлкөнүн башка чиновниктери жана мамлекеттик кызматкерлери эмне гана кылган эмес. Ар ким жогоруда эмне болуп жатканын көрүп, колу жеткен жердин баарын ала башташкан. Башкача айтканда, элде жакшы сөз бар: “балык башынан сасый баштаган". Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган”, деп айткан Жапаров.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат.

Өткөн айдын аягында Акылбек Жапаров “Центерра Голд” компаниясы Кумтөргө байланыштуу жаңы жылга чейин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирген. Ал Кумтөр маселеси толугу менен чечилгенин, “Центерра Голд” Кумтөргө толук ээлик кылбай калганын тастыктаганын кошумчалаган.

Анын алдында "Центерра Голд" Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди улантарын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG