Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкек мэриясы балаты жана аянтты кооздоого 5,6 млн. сом сарптайт


Бишкек шаарынын жаңы жылдык дизайн-коду.
Бишкек шаарынын жаңы жылдык дизайн-коду.

Бишкек мэриясы жаңы жылдык коздоого жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө таратты. Мэрия "Бишкексвет" жарыялаган 5 млн. 687 миң сом тендер 25 метрлик балатыдан сырткары Ала-Тоо аянттын кооздоого сарпталуучу каражат экенин белгилейт. Мекеме былтыркы жылы сатып алынган кооздоочу материалдарды колдонуу жетишсиз экенин билдирди.

Жакынкы күндөрү шаардын борбордук көчөлөрүн кооздоо башталат. Мэрия сарпталган каражаттарды көзөмөлдөө үчүн жарандык активисттерди жана блогерлерди шаардык штабга чакырат.

Борбордук аянттагы жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Ала-Тоо аянтына бийиктиги 25 метр балаты орнотулат. Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG