Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Болгар парламенти электрдин баасына мораторий киргизди


Болгариянын парламенти.
Болгариянын парламенти.

Болгариянын парламенти электр энергиясына жана жылуулукка болгон баалардын март айынын соңуна чейин азыркыдай сакталышын камсыз кылуучу мыйзам долбоорун колдоду. Мындай чечим Евробиримдиктин эң жакыр өлкөлөрүнүн биринде энергетика тармагында баалар кескин өсүп жаткан учурда кабыл алынды.

"Парламент электрдин, суу кызматтарынын жана жылуулуктун баасына 2021-жылдын 16-декабрындагы деңгээлинде мораторий киргизет. Бул чечим 2022-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот", - деп айтылат документте.

Бул мыйзамды парламенттеги көпчүлүк партиялар колдоду. 186 депутат макулдугун берсе, эки депутат каршы, дагы экөө калыс болду.

Этникалык түрктөрдөн турган MRF партиясы бул чечимди "популисттик кадам жана мыйзамсыз" деп мүнөздөп, добуш берүүгө катышкан жок.

Буга чейин энергетика тармагында иш алып барган компаниялар тарифтерге чектөө киргизүү тескерисинче кризисти тереңдете турганын эскерткен.

Апта башында Болгариядагы көз карандысыз Энергия жана сууну тескөө комиссиясы электрдин баасын 11,5 пайызга, жылуулуктун баасын 30 пайызга көтөрүүнү сунуштап, мындай чара бааларды дүйнөлүк рынокко шайкеш келтирүү үчүн зарыл экенин билдирген.

Болгар парламенти мораторий тууралуу чечимди Кирил Петков жетектеген жаңы өкмөттү шайлагандан көп өтпөй кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG