Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров башында турган президентинин администрациясынын командасы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Оюнга президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.
Оюндар "Спорт" (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында чагылдырылат.
Түз эфирдин башталышы - 13:45.
10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленген. Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын "Алга“ командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.
Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. (МТа)